САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXI заседаниеси
2014-жылдын 29-марты № 21/7
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин «Жайыт билетинин» баасын бекитип берүү жөнүндөгү билдирүүсү жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К. Маматовдун 2014-жылдын 14-мартындагы «Жайыт билетинин» бааларын бекитип берүү жөнүндөгү № 1 сандуу билдирүүсүн карап, талкуулап Сары-Колот айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Колот айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К. Маматовдун 2014-жылдын 14-мартындагы «Жайыт билетинин» бааларын бекитип берүү жөнүндөгү № 1 сандуу билдирүүсүнүн негизинде жайыт билетинин баалары төмөндөгүдөй өлчөмдө:
1. Бодо малдар, жылкылар учун - 100 сомдон
2. Кой - эчкилерге- 20 сомдон деп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К. Маматовго жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Э. Абдраев |