Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-августу № 24/2
Сары-Колот айыл аймагынын Сары-Колот айылына байланыш бөлүмүнүн имаратын жана Курбан-Кара айылына бала-бакча куруу үчүн жер тилкелерин ажыратып берүү жөнүндө
Сары-Колот айыл аймагынын тургундарынын суроо-талаптарын канааттандыруу учун Сары-Колот айылына байланыш бөлүмүнүн имаратын жана Курбан-Кара айылына бала-бакча куруу үчүн жер тилкелерин ажыратып берүү максатында Сары-Колот айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Колот айыл аймагындагы № 03 Кум-Арык байланыш бөлүмүнүн имараты жоктугуна байланыштуу жаны имарат куруу үчүн Сары-Колот айылынын аймагынан генпландын негизинде мыйзам чегинде жер тилкеси ажыратылып берилсин.
2. Курбан-Кара айылына жаны заманбап мечит курулгандыгына байланыштуу эски мечиттин орду толугу менен бала-бакча куруу үчүн ажыратууга уруксат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айыл өкмөтүнүн жер адиси 3. Реджаповго жана айылдык кенештин алдындагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Батиров |