Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-августу № 24/4
Ош областынын райондор аралык сотунун 22.01.2013-жылдагы № Эд - О 000 50 -13-М0 чечиминин негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы К.Макеевдин жазган билдирүүсү жөнүндө
Сары-Колот айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы К.Макеевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Сары-Колот айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын Тынчтык айылында жайгашкан «Беде-Урөөн» мамлекеттик ишканасынын жогорудагы соттун чечими менен кудуретсиз (банкрот) деп жарыяланып, жоюлуп кеткендигине байланыштуу ал ишкананын балансасында турган жарымы карыялар үйү, жарымы С. Бекмуратов атындагы башталгыч мектеп болуп иштетилип келген имарат толугу менен мыйзам чегинде айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүлүп алынып, С. Бекмуратов атындагы негизги мектеп болуп ачылууга уруксат берилсин.
2. «Беде-Урөөн» ишканасы ижаралык негизде иштетип келген айыл өкмөтүнүн жер балансасында турган 95 (токсон беш) гектар суулуу жер аянты мыйзам чегинде ачык аукцион аркылуу айыл аймагынын тургундарына 5 (беш) жылдык мөөнөт менен келишимдин негизинде ижарага берилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Б.Жунусовго, жер адиси 3. Реджаповго жана айылдык кенештин алдындагы бюджет, жер жана агрардык реформа, айыл чарбасы багытында түзүлгөн туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Батиров |