Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-сентябры № 25/1
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Жунусовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Сары-Колот айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетине Республикалык бюджеттен бериллүүчү түрткү берүүчү гранттын эсебинен курулуучу обьектилерге каралган тактап айтканда, Присавай айылына курула турулуучу ФАПтын курулушуна -380,0 мин сом. Ак-Колот айылына курулуучу мектептин 2-этабынын курулушуна -326,0 мин сом Жалпысы: 706,0 мин сом айыл өкмөтүнүн 10% салымы катары каралып бирок, иштетилбей калган акча каражаты төмөндөгүдөй багыттарга бөлүштүрүлсүн:
2. Присавай, Тынчтык, Сары-Колот, Шерали айылдарынын ички жолдорунун учурдагы ремонту үчүн 70629 бөлүмүнүн 22211100 статьясына - 410,0 мин сом.
3. Н.Исанов атындагы орто мектебинин от казанын толугу менен алмаштыруу үчүн -70,0 мин сом, Тынчтык айылындагы С.Бекмуратов атындагы толук эмес орто мектебинин полуна -30,0 мин сом, жалпысы: 70921 бөлүмүнүн 31112390 статьясына -100,0 мин сом.
4. А.Кулботоев а.о.м. көмүр канасынын курулушуна кошумча -25,0 мин сом, стяжкасына -95,0 мин сом , жалпысы 120,0 мин сом.
5. Эгемендүүлүк күнүнө жана түшүм майрамын өткөрүүгө -26,0 мин сом.
6. Сары-Колот айылында жаныдан ачылган бала-бакчага эмерек алып берүү үчүн 70921 бөлүмүнүн 31123210 статьясына 50,0 мин сом.
7. Жалпы жыйымы: 706,0 мин сом акча каражаты бөлүнгөн статьялар боюнча жылдырылып өз максатында иштетилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Сары Колот айыл өкмөтүнүн каржы- экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Жунусовго жана айылдык кенештин алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Батиров |