Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-апрели № 10/2
Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-сентябрындагы № 215 жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы эконмикалык негиздери жөнүндөгү»мыйзамына ылайык Сары-Колот айылдык округунун 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Сары-Колот айылдык кенешинин үчүнчү чакырылышын сессиясынын отруму Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-сентябрдагы №215 «Жергиликтуу өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Сары-Колот айыл округунун 2012- жылдагы бюджетинин аткарылышы жана жана2013-жылга бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени карап талкуулап, бул маселе боюнча депутаттардын Сары-Колот айылдык кенешинин социалдык-экономика, инфраструктура, бюджет, салык, курулуш, транспорт, жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиянын берген корутундусун эске алып, депутаттардын Сары-Колот айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Колот айылдык округунун 2012-жылдагы бюджети киреше бөлүгү боюнча -24995,8 мин сомго, чыгаша бөлүгү -24509,3 мин сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. Сары-Колот айыл округунун 2013-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү контингенттерде жана нормативдерге ылайык 23982,1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Сары-Колот айылдык округунун 2013-жылга түзүлгөн чыгымдар сметасы бардык статьялар боюнча -23982,1 мин сомго бекитилсин.
4. 2014-жылдын 1январына карата Сары-Колот айьш округунун бюджета боюнча кассада жүгүртүлүүчү нак акча 10,0 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
5. Аппарат кызматкерлеринин жалпы штаттык бирдиги -26. Анын ичинен айыл башчылары -5, техникалык тейлөө кызматкерлеринин саны -2 штаттык бирдик эсебинде бекитилсин.
6. Сары-Колот айыл округуна 2013-жыл ичинде жергиликтүү бюджетке бардык статьялардагы суммаларды айыл округдун муктаждыктарына карата өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүгө уруксат берилсин.
7. Сары-Колот айыл округуна 2012-жылдагы кирешелерден калган калдык 60192 сом акча каражатын 2013-жылы бардык статьялар боюнча бөлүштүрүп иштетүүгө уруксат берилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Сары- Колот айылдык Кенешинин экономика, бюджет, укук жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-Колот айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Э. Абдраев |