Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-декабры № 17/1
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Финансы-Экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Жунусовдун билдирүүсүн кароо жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Финансы-Экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Жунусовдун билдирүүсүн карай талкуулап Сары-Колот айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Колот айыл өкмөтүндө 2013-жылы айыл чарба багытындагы эмес жер сатуудан түшкөн 95100 сом кошумча кирешени мектептерге алынган көмүрдөн болгон карызга 60000 сомун, ал эми калган 31500 сомун Шерали айылынын Тойчу участкасынын ички жолдорун жана таза суу түтүктөрүн ондоо үчүн мыйзам чегинде иштетүүгө уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Сары-Колот айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Жунусовго жана айылдык кенештин алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Э. Абдраев |