Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IV сессиясы
2013-жылдын 19-марты № 9
Кароол айылдык кеңешинин 2012-жылда кабыл алган чечимдеринин аткарылышы жана алдыдагы милдеттер жөнүндө
Кароол айылдык кеңешинин 2012-жылда кабыл алган чечимдеринин аткарылышы жана алдыдагы милдеттер жөнүндө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссияда каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кароол айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылда айылдык кеңеш тарабынан калктын муктаждыгын канаатандыруу, орчундуу деп аталган маселелер каралгандыгы белгиленсин.
2. «Ардактуу атуул» жөнүндө Жобону өзөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитип, областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
3. 2012-жылда кабыл алынган токтомдордун аткаруу баскычында турган, аткарылбай калгандарын көзөмөлдөө жана кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун анализдөө менен иш алып баруу кеңештин «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссияга (Суранбаев А.С.) тапшырылсын.
4. 2013-жылда кабыл алынуучу токтомдор аймакты өнүктүрүүгө, адам укуктары менен эркиндиктерин сактоого, коопсуздукту камсыз кылууга ж.б. багытталсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин орун басары К.М.Укуловго жүктөлсүн.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |