Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IV сессиясы
2013-жылдын 19-марты № 10
Кароол айыл өкмтүнүн 2012-жылдагы бюджетинин кирешелери, чыгашалар боюнча аткарылышы жана 2013-жылга бюджетин кирешелер,чыгашалар боюнча бекитүү жөнүндөгү маселе «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссияда» каралып ,алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кароол айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылга Кароол айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери, чыгашалары боюнча 26482,1 миё сом суммасында бекитилсин.
2. 2013 жылга Кароол айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттары №1, 2- тиркемеге ылайык аныкталсын, чыгашаларды каржылоо, биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча ( эмгек акы, КРнын Социалдык фондуна чегерүүлөр, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр) каржылануусу белгиленсин.
3. КРнын Салык Кодексинин 181-статьясынын негизинде алынуучу физикалык жер салык көрсөтүлгөн жеёилдиктерге ылайык бекитилсин.
4. Республикалык бюджеттен бериллүүчү максаттуу жана теёдештирүүчү гранттар биринчи кезекте «Эмгек акы» жана «КРнын Социалдык фондуна чегерүүлөр» беренелер боюнча чыгашаларды жабдуу каржыланаары эске алынсын.
5. 2013-жылдын 1-январына карата айылдык бюджет боюнча кассада жүгүртүүлүчү нак акча 10 000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. 2012-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин аткарылышы киреше бөлүгү боюнча 27142,1 миё сомго жана чыгаша бөлүгү 27262,5 миё сомго аткарылгандыгы эске алынып,бекитилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Финансы, экономика бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |