Загрузка документа…
АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-марты № 5.3
Алайку айыл өкмөтүнүн ченемдик актыларын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына 2013-жылдын 22-февралында өзгөртүү киргизилип 2013-жылдын 01-мартынан баштап күчүнө киргендигине байланыштуу Алайку айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алайку айылдык Кеңешинин аймагында жашаган калктын көпчүлүгү кыргыз тилин билгендиктен Кеңештин сессиясында ченемдик актыларынын долбоору мамлекеттик тилде гана каралсын жана жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын Алайку айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Б. Аккозуевге милдеттендирилсин.
Алайку айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Жумалиев |