Загрузка документа…
КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесине ылайык КҮЧҮН ТОКТОТТУ
Манас райондук Кеңешинин
Токтому
2004-жылдын 20-июлу № 104
«Райондун аймагында куйуучу май сатуучу
ишканаларды жергиликтүү салыктан бошотуу жөнүндө»
Манас райондук мамлекеттик администрациясынын ОсОО «Мунай Мырза
Север» коомун жергиликтуу салыктан бошотуу жонундогу сунушун карап
талкуулап эл депутаттарынын Манас райондук Кенеши томондогуклорду
билдирет. Азыркы убакта райондун аймагында сатылып жаткан куйуучу
майлар районго контрабандалык жол менен алынып келинип мыйзамсыз
кымбат баада сатылып жаткандыгы элдин нааразылыгын пайда кылууда.
Куйуучу майлар баш-аламан , корунгон жерде сатылгандыктан орт
коркунучу туулуп , андан тышкары райондун санитардык , экологиялык
абалына тескери таасирин тийгизуудо. Куйуучу майларды сатууда жашы
жете элек балдардын эмгектениши алардын ден-соолугуна зыян келтируудо.
2004-жылдын июнь айынан баштап куйуучу майлар ОсОО «Мунай Мырза Север»
жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан борборлоштурулган турдо алынып
келуудо. Жыл башында 2004-жылга бюджетти бекитуу мезгилинде товар
сатуудан алынуучу 4%жергиликтуу салык алуу бекитилген, бул шарт азыркы
учурда аталган ОсОО «Мунай Мырза Север»дин жетекчилиги бул 4 пайыздык
жергиликтуу салыкты алып таштоо суранычы менен областтын жетекчилигине
кайрылган. Себеби, алар жана башка коом ишканалар сатуучу куйуучу
майлардын оздук наркын азайтууга ушул жол менен гана жетишеерин
билдируудо. Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жана жергиликтуу
администрация жонундогу мыйзамдын 63-статьясына ылайык Манас райондук
мамлекеттик администрациясынын башчысы А. Карабаев аталган маселени
райондук кенештин сессиясында каралышын сунуштаган. «Жергиликтуу оз
алдынча башкаруу» жонундогу закондун 23 статьясына ылайык жергиликтуу
кенеш (райондук кенеш) жергиликтуу салыктын ставкасын чече алат.
Ошондуктан райондук Кенештин депутаттарынын сунушун эске алуу менен эл
депутаттарынын Манас райондук Кенеши
Токтом кылат:
1. Райондун аймагында куйуучу май сатуучу коом, ишканалар учун
жергиликтуу салыктын ставкасын 2004-жылдын 1-июлунан 2005 жылдын 1-
январына чейин 1 (бир) пайыз олчомундо бекитилсин.
2. Райондук салык инспекциясы (Ж. Мейманалиев) ушул токтомдун
негизинде иш жургузсун.
3. Аталган токтомдун аткарылышын козомолго алуу финансы жана бюджет
боюнча райондук Кенештин туруктуу комиссиясына (К. Туракеев) жуктолсун.
Манас райондук Кенешинин торагасы С. Жумабеков