Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-декабры № XXVII-1
Ноокат шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Г.Жолдубаеванын отчету жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Г.Жолдубаеванын отчетун угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Г.Жолдубаеванын отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ноокат шаарынын элине кызмат көрсөтүүнүн деңгээлин жогорулатуу, сессияда айтылган сын-пикир, сунуштарды аткаруу Ноокат шаар мэриясынын аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|