Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-декабры № XXVII-2
Ноокат шаарынын тургундарына тиешелүү болгон жер аянттардын багытын өзгөртүү жөнүндө
Ноокат шаарынын тургундарына тиешелүү болгон жер аянттардын ээлеген жер тилкесинин аянтынын ичинен багытына өзгөртүү киргизүүнү сурап жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин катын жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, суралган жерлердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат районунун Н.Исанов айыл өкмөтүнүн Жаны-Базар айылынын А.Осмонбаев атындагы көчөсүнүн №3 үйүнүн тургуну Сайназар Уулу Кумарбекке тиешелүү болгон Ноокат шаарынын Ленин атындагы көчөсүндө жайгашкан өзүнүн 77 чарчы метр жеке менчигиндеги соода дүкөнүнүн багыты “Медициналык борбор” деп өзгөртүлсүн.
2. Ноокат шаарынын С.Алимбаев көчөсүнүн №11 үйүнүн тургуну Мукимов Козимжон Турдумаматовичке тиешелүү болгон Ноокат шаарынын С.Алимбаев атындагы көчөсүндө жайгашкан өзүнүн жеке менчигиндеги үйүнүн 466 чарчы метр жер тилкесинин багыты ашкана деп өзгөртүлсүн.
3. Ноокат шаарынын Ханкелдиев көчөсүнүн №18 үйүнүн тургуну Искандаров Тахиржан Хусановичке тиешелүү болгон Ноокат шаарынын А.Лутфуллаев атындагы көчөсүндө жайгашкан өзүнүн жеке менчик 264 чарчы метр жер аянтындагы курулушунун багыты заманбап коммерциялык соода дүкөнү деп өзгөртүлсүн.
4. Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Сыдыков атындагы көчөсүнүн №1 үйүнүн тургуну Мамаюсупов Болотбек Шерановичге тиешелүү болгон Ноокат шаарынын С.Алимбаев атындагы көчөсүндө жайгашкан 38,13 чарчы метр жер аянтындагы коммерциялык дүкөнүнүн багыты коммерциялык банк деп өзгөртүлсүн.
5. Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Сыдыков атындагы көчөсүнүн №1 үйүнүн тургуну Мамаюсупов Болотбек Шерановичке тиешелүү болгон Ноокат шаарынын С.Алимбаев атындагы көчөсүндө жайгашкан 60 чарчы метр жер аянтындагы коммерциялык дүкөнүнүн багыты коммерциялык банк деп өзгөртүлсүн.
6. Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүнүн Барын айылынын Барын көчөсүнүн №63 үйүнүн тургуну Пирматов Набижан Турсуналиевичке тиешелүү болгон Ноокат шаарынын А.Лутфуллаев атындагы көчөсүндө жайгашкан 880 чарчы метр “Саксанбай ата” ашканасынын ичинен, 150 чарчы метр жер аянтына кошумча ашкана багытында курулуш курууга макулдук берилсин.
7. Ноокат шаарынын К.Жакыпов көчөсүнүн №8-6 үйүнүн тургуну Алиева КатираканТурдумаматовнага тиешелүү болгон Ноокат шаарынын К.Жакыпов атындагы көчөсүндө жайгашкан өзүнүн жеке менчик 420 чарчы метр жер аянтындагы чарбалык курулуштар аянтында куруп, жашап жаткан 180 чарчы метр жер аянтындагы имаратынын багытын турак жайга өзгөртүүгө макулдук берилсин.
8. Пайдалануу багытынын аталышына өзгөртүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|