Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-декабры № XXVII-3
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы мектеп жана балдар бакчаларында эмгектенип жаткан педагогикалык кызматкерлерге коммуналдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы мектеп жана балдар бакчаларында эмгектенип жаткан педагогикалык кызматкерлерге коммуналдык жардам көрсөтүү максатында Ноокат шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы мектептердин жана балдар бакчаларында эмгектенип жаткан педагогикалык кызматкерлерге 2015-жылдын 1-январынан баштап, 2015-жылдын 31-декабрына чейин иштеген айына карап ар ай сайын 500 сомдон 2721 беренесинен жалпысы болуп 1080,0 мин сом акча каражаты 2015-жылда каралган жергиликтүү бюждеттин эсебинен төлөнсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|