Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-декабры № XXVII-4
”Ноокат Суу канал” ишканасынын ичүүчү сууну категориялар боюнча тарифтерин жана көрсөткөн кызматтардын тарифтерин бекитүү жөнүндө
”Ноокат Суу канал” ишканасынын ичүүчү сууну категориялар боюнча тарифтерин жана көрсөткөн кызматтардын тарифтерин бекитүү жөнүндөгү “Ноокат Суу канал”-ишканасынын директору З. Камаловтун Ноокат шаардык кеңешинин төрагасынын атына жазган катын жана муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Ноокат Суу канал” ишканасынын бүгүнкү күндө колдонулуп келе жаткан ичүүчү сууну категориялар боюнча тарифтерин жана көрсөткөн кызматтардын тарифтери авариялар көбөйүп, бардык керектүү жабдуулар кымбаттагандыгын, инфляцияны эске алганда өзүн-өзү актабай жаткандыгына байланыштуу калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылуу үчүн сунушталган төмөндөгүчө тарифтер бекитилсин:
-калк үчүн 1 метр куб-11 сом 50 тыйын;
-бюджеттик мекемелер үчүн 1метр куб-11 сом 50 тыйын;
-комерциялык ишканалар үчүн 1метр куб-25 сом 00 тыйын;
-Техникалык шарттарды даярдоодо:
-калк үчүн 1842 сом 00 тыйын;
-юридикалык жактарга-2072 сом 00 тыйын;
- борбордук суу түтүктөрүнө улануу-3500 сом.
Калктын ичинен суу эсептегичи бар абоненттерге бир жыл ичинде 25% жеңилдик берилсин.
2. ”Ноокат Суу канал” ишканасынын ичүүчү сууну категориялар боюнча тарифтерин жана көрсөткөн кызматтардын тарифтерин пайдалануу нормалары 2016-жылдын 1-январынан баштап колдонулсун.
3. ”Ноокат Суу канал” ишканасынын ичүүчү сууну категориялар боюнча тарифтерин жана көрсөткөн кызматтардын тарифтерин пайдалануунун жаны нормалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнга салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмү менен макулдашуу жагы жүктөлсүн.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|