Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-декабры № XXVII-5
Ноокат шаарынын аймагында жайгашкан Оштогу райондор аралык өндүрүштүк жылуулук менен камсыздоо бирикмеси мамлекеттик ишканасынын №1, №2 жылытуучу от казандарын шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин карамагына (балансына) кайтарып алуу жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагында жайгашкан Оштогу райондор аралык өндүрүштүк жылуулук менен камсыздоо бирикмеси мамлекеттик ишканасынын №1, №2 отканаларын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндөгү Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин катынын жана Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралгандыгынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагында жайгашкан Оштогу райондор аралык өндүрүштүк жылуулук менен камсыздоо бирикмеси мамлекеттик ишканасынын №1, №2 отказандары Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин карамагына (балансына) өткөрүлүп алынсын.
2. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин карамагына (балансына) өткөрүлгөн от казандарын күз- кыш мезгилине даярдык көрүү, керектүү көмүр менен камсыздоо, оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү, түзүлгөн бөлүмдүн атайын эсептик счетун, штаттык бирдигин, каржылоо булактарын туура пайдалануу жагын уюштуруу жана козомолдоо шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|