Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-декабры № XXVII-6
Ноокат шаар мэриясынын 2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатын зарыл болгон чыгымдарга бөлүштүрүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын 2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатын зарыл болгон чыгымдарга бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын жыл ичинде сметада бекитилген акча каражатынан жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон 706 бөлүмдүн 3111 беренесинен 182 000 сом, жалпысы 182 000 сом акча каражатын зарыл болгон төмөндөгү чыгымдарга ажыратылып берилсин:
2221 - Ноокат шаарынын аймагында жайгашкан С.Алимбаев атындагы көчөлөрүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн айланасына 4 даана септик куруу үчүн-132 000 сом;
2215 - Айыл чарба багытында 2016-жыл ичинде айыл чарба каттоосун өткөрүүгө калктуу конуштардын карталарын түзүүгө-50 000 сом;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|