Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-декабры № XXVII-7
Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин спорт аянтчасы болгон авто токтоочу жайдан ижарага берүүдөн түшкөн акча каражаттын эсебинен мектептин тосмолорун оңдоп-түзөө иштери үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаардык кеңешинин 2012-жылдын 30-мартындагы XXVI-V Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармасынын 2012-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндөгү токтомунун №4 беренеси Ноокат шаарынын аймагындагы муниципалдык менчик мүлктөрүн сатуудан жана ижарага берүүдөн, салык эмес кирешелерден түшкөн акча-каражаттарынын 35% муниципалдык менчик башкармасынын ишмердигин алып барууга жумшалсын, ал эми калган 65% шаар мэриясынын негизги эсебине ай сайын которулсун деген беренесине негиз Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, Ноокат шаардык кеңешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын жыл ичинде сметада бекитилген акча каражатынан жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон 706 бөлүмдүн 3111 беренесинен 48 750 сом, жалпысы 48 750 сом акча каражатын зарыл болгон төмөндөгү чыгымдарга ажыратылып берилсин:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин спорт аянтчасына тиешелүү болгон автотоктоочу жайдан ижарага берүүдө 2015-жылдын июль айынан баштап декабрь айына чейинки 6 айда түшкөн 75 000 сом акча каражаттын эсебинен 65% же тактап айтканда 2221 беренесинен 48 750 сом мектептин тосмолорун оңдоп-түзөө иштерине жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|