Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-декабры № XXVII-8
Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын жыл ичинде сметада бекитилген акча каражатынан 2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатын зарыл болгон чыгымдарга жылдыруу жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын жыл ичинде сметада бекитилген акча каражатынан 2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатын зарыл болгон чыгымдарга жылдыруу жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын жыл ичинде сметада бекитилген акча каражатынан жыл жыйынтыгы менен үнөм 709 бөлүмдүн 2224 беренесинен 500 000 сом 2721 беренесинен 150 000 сом 3112 беренесинен 491 300 сом, жалпысы 1141 300 сом акча каражатын зарыл болгон төмөндөгү чыгымдарга бөлүштүрүлсүн:
2224-Ноокат шаардык мэриясынын аппаратына көмүргө -131 500 сом;
2233-Оштогу райондор аралык өндүрүштүк жылуулук менен камсыздоо бирикмеси мамлекеттик ишканасына-814 000 сом;
3111-Мектептерди капиталдык ремонттоого-50 000 сом;
2221-Абдуллаев мектебин тосмосун ремонттоого-30 000 сом;
2215-Ноокат шаардык мэриясына жана шаардык кеңешке ар түрдүү чыгымдарга-80 000 сом;
2222-Ноокат шаардык мэриясына керектелүүчү эмеректерди сатып алууга- 20 000 сом;
2224-Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебине көмүргө -15 800 сом;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|