Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-декабры № XXVII-9
Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин чатырын мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен жаңылоого шаар мэриясы тарабынан каржылануучу өздүк салым жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын 2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатын зарыл болгон чыгымдарга бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин чатырын мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен жаңылоого шаар мэриясы тарабынан каржылануучу өздүк салым үчүн 600 000 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|