Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-декабры № XXVII-10
2016-жаңы жылдык арчаны даярдоо, оюнчуктарды, жасалгаларды сатып алып келүү, арчаны жасалгалоо жана арчаны орнотууга, шаардын жаштары арасында жаны жылдык салтанатты өткөрүү жөнүндө
2016-жаңы жылдык арчаны даярдоо, оюнчуктарды, жасалгаларды сатып алып келүү, арчаны жасалгалоо жана арчаны орнотууга, шаардын жаштары арасында жаңы жылдык салтанатты өткөрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын жыл ичинде сметада бекитилген акча каражатынан жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон 706 бөлүмдүн 2512 беренесинен 100 000 сом, 708 бөлүмдүн 2215 беренесинен 150 000 сом жалпысы 250 000 сом акча каражатын зарыл болгон төмөндөгү чыгымдарга ажыратылып берилсин:
-2512-беренесинен 2016-жаңы жылдык арчаны даярдоо, оюнчуктарды, жасалгаларды сатып алып келүү, арчаны жасалгалоо жана арчаны орнотуу үчүн 100 000 сом;
-2215-беренесинен Шаардын жаштары арасында жаны жылдык салтанатты өткөрүү үчүн 150 000 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|