Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-декабры № XXVII-11
Ноокат шаарынын тургуну Саипова Чолпондун жашап жаткан үйүнүн тамын оңдоо үчүн жана Ноокат шаарынын Барын кварталынын тургуну майып Эрматова Хавахонга дарыланууга колдоо көрсөтүү жөнүндө
Ноокат шаарынын тургуну Саипова Чолпондун жашап жаткан үйүнүн тамынан тамчы өтүп жаткандыгына жана Ноокат шаарынын Барын кварталынын тургуну майып Эрматова Хавахонга дарылануу үчүн колдоо көрсөтүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын тургуну Саипова Чолпондун жашап жаткан үйүнүн тамын оңдоо үчүн 10 000 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Ноокат шаарынын Барын кварталынын тургуну майып Эрматова Хавахонга дарылануу үчүн 5 000 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|