Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-декабры № XXVII-12
Ноокат шаарынын аймагындагы борбордук айлампасына, борбордук көчөлөрүнө жана мектептердин айланаларындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайларга 25 даана жол белгилерин жасатып орнотууга жана Ноокат шаарынын аймагындагы Ош, О.Солтобаев, Ленин, А.Мирмахмудов атындагы борбордук көчөлөрүндө байма-бай пайда болуп жаткан унаа тыгындарын азайтуу максатында блокторду орноткон автокрандардын кызмат акысына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы борбордук айлампасына, борбордук көчөлөрүнө жана мектептердин айланаларындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайларга 25 даана жол белгилерин жасатып орнотууго жана Ноокат шаарынын аймагындагы Ош, О.Солтобаев, Ленин, А.Мирмахмудов атындагы борбордук көчөлөрүндө байма-бай пайда болуп жаткан унаа тыгындарын азайтуу максатында блокторду орноткон автокрандардын кызмат акысына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын жыл ичинде сметада бекитилген акча каражатынан жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон 706 бөлүмдүн 3111 беренесинен 125 400 сом, жалпысы 125 400 сом акча каражатын зарыл болгон төмөндөгү чыгымдарга ажыратылып берилсин:
2222 - Ноокат шаарынын аймагындагы борбордук айлампасына, борбордук көчөлөрүнө жана мектептердин айланаларындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайларга 25 даана жол белгилерин жасатып орнотуу үчүн 45 400 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2215 - Ноокат шаарынын аймагындагы борбордук көчөлөрүнөгү унаа тыгындарын азайтуу максатында Ош, О.Солтобаев, Ленин, А.Мирмахмудов атындагы көчөлөрүндөгү блокторду орноткон автокрандардын кызмат акысы үчүн-80 000 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|