Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-декабры № XXVII-13
Ноокат шаарынын аймагындагы Жаштык, С.Алимбаев №1, №2, №3, Бостон көчөлөрүнө төшөлгөн шагылды тегиздөө үчүн грейдер кызмат акысына, Т.Умиров атындагы көчөсүнүн төшөлбөй калган жерине шагыл төшөөгө жана Жамий көчөсүндө жайгашкан эски мазарды (көрүстөндү) эшиктерин, навес жана отургучтарын оңдоп түзөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы Жаштык, С.Алимбаев №1, №2, №3, Бостон көчөлөрүнө төшөлгөн шагылды тегиздөө үчүн грейдер кызмат акысына, Т.Умиров атындагы көчөсүнүн төшөлбөй калган жерине шагыл төшөөгө жана Жамий көчөсүндө жайгашкан эски көрүстөндү ондоп түзөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын жыл ичинде сметада бекитилген акча каражатынан жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон 706 бөлүмдүн 3111 беренесинен 198 400 сом, жалпысы 198 400 сом акча каражатын зарыл болгон төмөндөгү чыгымдарга ажыратылып берилсин:
2215 - Ноокат шаарынын аймагындагы Жаштык, С.Алимбаев №1, №2, №3 жана Бостон көчөлөрүнө төшөлгөн шагылды тегиздөө үчүн грейдер кызмат акысына 98 000 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2221-Ноокат шаарына караштуу Т.Умиров атындагы көчөсүнүн төшөлбөй калган жерине шагыл төшөө үчүн 50 400 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2221-Ноокат шаарынын аймагындагы “Кара-Турпак” кварталынын Жамий көчөсүндө жайгашкан эски мазардын (көрүстөндүн) эшиктерин, навес жана отургучтарын оңдоо үчүн 50 000 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|