Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-декабры № XXVII-14
Ноокат шаарынын аймагындагы ээси жок дейди жолбун иттерди атып, жок кылуу үчүн жана транспорт кызматына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы ээси жок дейди жолбун иттерди атып, жок кылуу үчүн жана транспорт каражатына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын жыл ичинде сметада бекитилген акча каражатынан жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон 706 бөлүмдүн 3111 беренесинен 50 000 сом, жалпысы 50 000 сом акча каражатын зарыл болгон төмөндөгү чыгымдарга ажыратылып берилсин:
2215-Ноокат шаарынын аймагындагы ээси жок дейди жолбун иттерди атып, жок кылуу үчүн 40 000 сом, транспорт кызматына 10 000 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|