Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-декабры № XXVII-15
Ноокат шаарынын мэриясынын имаратын жылуулук менен камсыздоо максатында от жагуучу (кочегар) кызматына 2015-жылдын 1-ноябрынан 2016-жылдын 1-апрелине чейин убактылуу от казандарын жылытуу эмгек акысы үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын мэриясынын имаратын жылуулук менен камсыздоо максатында от жагуучу (кочегар) кызматына 2015-жылдын 1-ноябрынан 2016-жылдын 1-апрелине чейин убактылуу от казандарын жылытуу эмгек акысы үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын жыл ичинде сметада бекитилген акча каражатынан жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон 706 бөлүмдүн 3111 беренесинен 10 623 сом, жалпысы 10 623 сом акча каражатын зарыл болгон төмөндөгү чыгымдарга ажыратылып берилсин.
-Ноокат шаарынын мэриясынын имаратын жылуулук менен камсыздоо максатында от жагуучу (кочегар) кызматына 2015-жылдын 1-ноябрынан убактылуу от казандарын жылытууга:
2111 - эмгек акысы үчүн 9060 сом;
2121 – соц фонду учун 1563 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|