Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-декабры № XXVII-16
Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин от жагуучуларына керектүү буюмдарын алууга, трансформаторунун ичиндеги автоматын жаңылоого жана компьютер жайгашкан 4 каанасындагы эшик-терезелерине темир тосмо орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин от жагуучуларына керектүү буюмдарын алууга, трансформаторунун ичиндеги автоматын жаңылоого жана компьютер жайгашкан 4 каанасындагы эшик-терезелерине темир тосмо орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын жыл ичинде сметада бекитилген акча каражатынан жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон 709 бөлүмдүн 2221 беренесинен 70750 сом, жалпысы 70750 сом акча каражатын зарыл болгон төмөндөгү чыгымдарга ажыратылып берилсин:
-3112-Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин от жагуучуларына керектүү буюмдарын алууга, трансформаторунун ичиндеги автоматын жаңылоо үчүн 31 300 сом;
-2221-Х.Самиев атындагы орто мектебинин компьютер жайгашкан 4 каанасындагы жаңы эшик-терезелерине темир тосмо орнотуу үчүн 39 450 сом;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|