КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көлдүк айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
2015-жылдын 2-марты № 4
Жайлоону пайдалануу, жайыт пайдалануу үчүн укук алуу үчүн акы жөнүндө
Жайлоону пайдалануу, жайыт пайдалануу үчүн укук алуу үчүн акы жөнүндө маселелер Көлдүк айыл аймагынын Көлдүк жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин жайыт комитетинин башчысы Курманкулов Н. сунушунун негизинде Көлдүк айылдык кеёешинин “Айыл- чарба, жер, маселелери” боюнча туруктуу комиссияда каралып, комиссиянын курамынын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндө Мыйзамынын 10-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун негизинде Көлдүк айылдык кеңешинин кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көлдүк айылдык аймагынын аймагында жеке менчик малдардын жайлоого айдоо мезгили 2015-жылдын 20-апрелинен кечиктирбей айдоо жана кайтуу мезгили 1-октябрь айларына белгиленсин.
2. Жайыт пайдалануучулардын алынуучу жайыт акы ар бир баш кара малга, жылкыга 60 (алтымыш) сомдон, торпокторго 42 (кырк эки), сомдон, майда жандыктарга (кой, эчки) 12 (он эки) сомдон белгиленсин.
3. Жайлоодо багуучу бадачылардын айына мал баккан акысы бир баш малга 350 (үч жүз элүү) сом, кой эчкиге 80 (сексен) сомдон, эгерде башка райондун айыл өкмөтүнүн малчылары биздин жайлоого жайласа анда ар бир башка эки эседен белгиленсин.
4. Айыл ичинде калган саан уйларга алынуучу бада акы 150 (жүз элүү) сомдон белгиленсин.
5. Бул токтомду аткарууга алуу Көлдүк жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин жайыт комитетинин башчысы Курманкулов Н. , Көлдүк айыл өкмөтүнүн башчысы Караев С. жана айыл башчы К. Султановко милдеттендирилсин.
6. Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеёештин «Айыл- чарба, жер, маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көлдүк айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Молдалиев |