Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-августу № 9
Көлдүк айыл өкмөтүнүн административдик чек араларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Мамлекеттик жер долбоорлоо «Кыргызгипрозем» ишканасы тарабынан даярдалган, Көлдүк айыл өкмөтүнүн административдик чек ара материалдарынын жазылышы боюнча карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 17-статьясынын 3-пунктунун негизинде Көлдүк айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Мамлекеттик жер долбоорлоо «Кыргызгипрозем» ишканасы тарабынан даярдалган, Көлдүк айыл өкмөтүнүн административдик чек ара материалдарынын жазылышы боюнча бекитилип берилсин.
2. Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Көлдүк айыл өкмөтүнүн административдик чек ара материалдарынын жазылышы боюнча бекитип берүү жагы суралсын.
3. Кара-Шоро жайлоосундагы Мырзаке айыл өкмөтү менен Көлдүк айыл өкмөтүнүн ортосундагы чечилбей келген талаш жер,«Беделбай» жайлоосунун чек арасын тактап берүү жана Ак-Жар айыл өкмөтү менен Көлдүк айыл өкмөтүнүн ортосундагы Чоң чавай жайлоосунун чек арасы тактап, чечип берүү жагы Кыргыз-Мамлекеттик жер долбоорлоо «Кыргызгипрозем» ишканасынан суралсын
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин айыл чарба, энергетика жана коммуникация комитетине жүктөлсүн.
Көлдүк айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Молдалиев |