Загрузка документа…
ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Петровка айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXI сессиясы
2015-жылдын 27-апрели № 81-4/3
Мөөнөтсүз пайдаланууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин 1,3 -п.п., 25-беренесинин 2-п. ылайык жана Петровка айыл аймагынын бокс боюнча машыктыруучу Эсенкулов Р.-дын арызын угуп , талкулап Петровка айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Петровка айылынын Советская № жок 6504 кв.м. аянтчасы жабык спорттук комплекс куруу үчүн мөөнөтсүз убакытка Петровка айыл өкмөтүнө колдонууга берилсин.
2. Жер тилкесин пайдалануу үчүн айыл өкмөтүнүн башкы адиси Замятина Н.Б. Мамлекеттик каттоо бөлүмүндө күбөлүктөнгөн иш кагаздарды даярдасын.
3. Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 25- беренесинин негизинде бул токтом мамлекеттик каттоодон 30 күндүн ичинде отүүгө зарыл.
Петровка айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Уразбакиева
|