Загрузка документа…
ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Петровка айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXI сессиясы
2015-жылдын 27-апрели № 79-2
Кыргыз Республикасынын мыйзамынын бузулушун четтетүү жөнүндө
Москва райондук прокуратурасынын 2015-жылынын 30-мартындагы № 11/р-15 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамынын бузулушун четтетүү жөнүндө эскертүүсүн угуп жана талкулап Петровка айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамынын көрсөтүлгөн бузулушун четтетүү үчүн коюлган мөөнөтүндө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы зарыл чара кабыл алып жана КР-нын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын сөзсүз түрүндө колдонсун.
2. Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Астаров Д.Б.-ке эскертүү жарыялансын.
Петровка айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Уразбакиева
|