Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVI сессиясы
2015-жылдын 10-ноябры № 26-6
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 2015-жылдын 26-октябрындагы № 5.2354 сандуу катын аткарууга алуу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө 2015-жылдын 26-октябрында № 2354-сандуу каты келген. Катта Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамына кийим тиктирүү үчүн демөөрчүлүк иретинде акча каражат сураган.Айылдык Кенештин бюджет, экономика, соода ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясында карап, такталгандыгын жана киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамына кийим тиктирүү үчүн демөөрчүлүк иретинде айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 30 (отуз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Зулпуевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика, соода ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т. Кулатов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Ажибаев
|