Загрузка документа…
БҮЛӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүлөлү айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 15-заседаниясы
2015-жылдын 17-январы № 5
Бүлөлү айыл өкмөтүнүн стратегиялык жана социалдык –экономикалык өнүгүү пландарын аткарууда айыл өкмөт башчысынын 2014-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы жөнүндө
Бүлөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдраевдин айыл өкмөтүнүн стратегиялык жана социалдык-экономикалык өнүгүү пландарын аткарууда айыл өкмөт башчысынын 2014-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Бүлөлү айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 15-заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүлөлү айыл өкмөтүнүн стратегиялык жана социалдык-экономикалык өнүгүү пландарын аткарууда Бүлөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдраевдин 2014-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, айылдардын ички инфраструктурасын жакшыртуу, коомдук жана жамааттык уюмдарды колдоо, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү иштерин колго алуу жана башка иштерди аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо туруктуу комиссияларга жүктөлсүн.
Бүлөлү айылдык Кеӊешинин төрагасы
|
Р. Сарыбаев |