Загрузка документа…
БҮЛӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүлөлү айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 17-заседаниясы
2015-жылдын 11-апрели № 17/5
Айыл өкмөтүндө иш кагаздары (токтом, буйруктардын аткарылышы, маалыматтардын берилиши, калктын паспорт менен камсыз болушу, ЗАГС бөлүмү тарабынан берилуучу документтер ж.б) жүргүзүүдө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын аткарып жаткан иштери жөнүндө
Бүлөлү айыл окмотундо иш кагаздары (токтом, буйруктардын аткарылышы, маалыматтардын берилиши, калктын паспорт менен камсыз болушу, ЗАГС болуму тарабынан берилуучу документтер ж.б ) жургузуудо айыл окмотунун жооптуу катчысынын аткарып жаткан иштерин угуп жана талкуулап Бүлөлү айылдык кенешинин 5 чакырылышынын 17 заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл окмотунун иш кагаздары (токтом, буйруктардын аткарылышы, маалыматтардын берилиши ,калктынпаспорт менен камсыз болушу, ЗАГС болуму тарабынан берилуучу документтер ж. б.) жургузуудо айыл окмотунун жооптуу катчысы А.Токтосунованын иши канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Айылдык кенештин токтомдорун юстициядан каттоодон өткөрүү, жана айылдык кенешке тиешелүү документтерди өз убагында аткаруу жагы жооптуу катчы А Токтосуновага милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлеринин кызмат көрсөтүү аркылуу алынуучу акча каражаттарынын тарифтери илинсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ашчысы Т Абдраевге милдеттендирилсин.
Бүлөлү айылдык Кеӊешинин төрагасы
|
Р. Сарыбаев |