Загрузка документа…
БҮЛӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүлөлү айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 19-заседаниясы
2015-жылдын 9-октябры № 19/2
Айыл өкмөтүнүн аймагында мекеме-уюмдардын (Айыл өкмөтү,ФАП,китепкана,маданият үйү) жана калктын кыш мезгилине карата даярдыгынын жүрүшү жөнүндө
Бүлөлү айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын,ФАПбашчыларынын,китепкана башчысынын,маданият үйүнүн башчысынын кыш мезгилине карата даярдыктары жонүндө билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап,Бүлөлү айылдык кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Маданият үйүнүн, китепкананын кышка карата даярдыгы боюнча бир топ кемчилдиктер кеткендиги белгиленсин.
2 Айыл өкмөтүнүн,ФАП тын кышка карата даярдыгы канааттандырарлык деп табылсын.
3 Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияларга тапшырылсын.
Бүлөлү айылдык Кеӊешинин төрагасы
|
Р. Сарыбаев |