Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин VI чакырылыш XXIX -сессиясы
2015-жылдын 24-декабры № 1
Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнө басылган асфальттардын сапаты жана абалын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2015-жылга карата түзүлгөн келечектүү иш мерчемине ылайык, шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде жана шаардык кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XXIX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын “Жалал-Абад шаарынын Азимов, Макеев көчөлөрүнө жана парктарга басылган асфальттардын сапаты жана абалын кароо жөнүндөгү” тактамасы эске алынсын.
2. Шаардагы начар абалдагы жолдорду келерки жылдын иш планына (титулдук тизмесине) шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын жана бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алуу менен киргизүү жагы шаардык мэрияга сунушталсын.
3. Шаардагы жолдорго асфальттардын сапаттуу басылышын жана жамап-жаскоо иштерин өз убагында камсыз кылуу жагы шаардык жол башкармалыгына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаевага) милдетендирилсин
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Ормоков |
Жалал-Абад шаарындагы басылган асфальттардын сапаты жана абалы жөнүндө
Тактама
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2015-жылга карата келечектүү иш мерчемине ылайык, шаардагы асфальттардын абалы тууралу кароо маселеси киргизилген. Аталаган маселе боюнча шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы жеринде карап чыгып төмөнкүлөрдү аныктады:
2015-жылга карата жалпысы болуп жергиликтүү бюджеттен 7 270 969 сом акча каражаты бөлүнгөн. Анын ичинен шаар боюнча жалпы асфальт төшөлгөн көчөлөр:
· Төш-Кутчу айылында Макеев көчөсүнө 800 метр, ээни 5,5 метр, ал эми калыӊдыгы 7 см өлчөмүндө асфальт төшөлгөн.
· Р.Азимов көчөсүнө узундугу 440 метр, ээни 9,20 метр, ал эми калыӊдыгы 7 см өлчөмүндө асфальт төшөлгөн.
Мындан сырткары “Жениш” атындагы эс алуу багында 510п/м бордюр куюлуп, 2476 м2 асфалть бетон төшөлгөн. Ошондой эле Т.Сатылганов атындагы эс алуу багына 1460п\м бордюр куюлуп, 1110м2 асфальт бетон төшөлгөн.
Дагы бир аткарлыган жумуштар болуп шаардагы 70 негизги көчөгө 9146м2 өлчөмүндө 7 613 918 сомго жамак-жасоо иштери жүргүзүлгөн. 8 көчөнүн 8000 погондук метр жаракаларын жамап бекемделген.
Бүгүнкү күндө башка көчөлөргө учурда суу түтүктөрү тартылып жаткандыгына байланыштуу асфальт басылган эмес, ВЛСКМ көчөсүнүн абалы начар болгондуктан 80 метр өлчөмүндө асфальт төшөлүшү зарыл экендигин белгилеп, комиссия тарабынан асфальт төшөө үчүн сунуштар айтылды. Анткени жаан чачында суу топтолуп бир кыйла кыйынчылыктар болууда экендигин жашоочулар билдиришти.
Алдыда аткарылып жаткан жумуштар болуп “Курманбек” стадиондун ичи жана сырткы аянты, ошону менен бирге Спутник кичи шаарчасында Б.Осмонов көчөсүнө жалпы асфальт басылганы турат.
Жогоруудагылардын негизинде, Жалал-Абад шаарына 2015-жылы басылган асфальттардын сапаты жакшы жана канаттандыраарлык деп комиссия эсептейт. Бирок бул менен гана чектелбестен, жылына жалпы басылуучу асфальттарды көбөйтү зарыл экендигин белгилейт.
Комиссиянын чечими:
1. Шаардык жол башкармалыгынын асфальт боюнча жасалган жумуштары канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Шаардагы ички жолдорго сапаттуу асфальттарды төшөө жана ички жолдордогу ойдун чукурларды жамап жаксоо иштерин аткаруу жагы шаардык жол башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Шаардагы начар абалдагы жолдорду келерки жылдын иш планына киргизүү жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.