Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин VI чакырылыш XXIX -сессиясы
2015-жылдын 24-декабры № 2
Жалал-Абад шаардык Кайрымдуулук борборунун, селсаяктардын борборун, «Пригородный» кичи шаарчасындагы №16 орто мектебинин, «Ак Бермет» балдар үйүнүн, мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин абалы жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2015-жылга бекитилген иш планына ылайык жана түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгын кароо боюнча шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымынын орун басары Б.Ибрагимовдун маалыматын угуп, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXIХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын 2015-жылдагы иш мэрчемине ылайык шаардык кайрымдуулук борбору, сеялсаяктардын борбору, №16 орто мектеп, “Ак Бермет” балдар үйү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен абалы жөнүндөгү текшерүүгө чыккан маалымат эске алынсын.
2. Жалал-Абад шаардык Кайрымдуулук борборунун аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
3. Жалал-Абад шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Р.Калчаевге:
4. Шаардагы балдар үйүнө жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ар биринин бир апталык тамактануучу тизмеси түзүлсүн жана жетекчинин колу, мөөрү менен бекитилсин;
5. Мектепке чейинки билим берүү мекмелерине жеткирилген эттин сертификаты ар бир бала-бакчага толугу менен берилсин.
6. Тарбия алып жаткан балдардын медициналык жактан таза кароо жугуштуу оору болгон курт ооруларына текшерүү жүргүзүлсүн жана ар бир баланын тактамасы бала-бакчанын өзүндө сакталсын;
7. Шаардагы мектептерде жайгашкан тамактануучу буфетте Кытайдан чыккан сапаты начар азыктарды сатуу токтотулсун.
8. №16 “Ромашка” балдар бакчасынын канализациясын тартуу жана жылуулук берүүчү от казан куруу жагы, №6 “Ак кайың” балдар бакчасына атайын кошумча имарат салууга жана Акбермет балдар үйүнө керектүү инвентарь алуу үчүн түзүлгөн сметалары шаардык кеңештин бюджет, экономика каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына сунуштоо жагы шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин;
9. Кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча атайын семинар-кеңешме уюштуруп, иш-чаралар планын түзүп, аткарууга алуу жана жыйынтыгы боюнча бир айлык мөөнөттө шаардык кеӊешке маалымат берүү жагы Жалал-Абад шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
10. Мектеп, бала бакчалардын инфраструктурасын оӊдоп-түзөө боюнча орто мөөнөттүү стратегиялык план түзүү шаардык мэрияга жана шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
11. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына, биринчи вице-мэр Т.Чойбековго, вице-мэр Т. Темирбаевге жүктөлсүн.
13. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Ормоков |
Жалал-Абад шаардык Кайрымдуулук борборунун, селсаяктардын борборун, «Пригородный» кичи шаарчасындагы №16 орто мектебинин, «Ак Бермет» балдар үйүн, мектепке чейинки билим берүүчү балдар бакчаларынын абалы жөнүндө
ТАКТАМА
Кайрымдуулук борбору жана селсаяктардын борборлору боюнча
Жалал-Абад шаардык Кайрымдуулук борбор ишканасында шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жалпы 62 адам катталып, анын ичинен «Спутник» аймактык башкармалыгынан 16 адам, «Достук» аймактык башкармалыгынан 15 адам, «Ч.Айтматов» аймактык башкармалыгынан 14 адам ал эми «Курманбек» аймактык башкармалыгынан 17 адам тизмеге киргизилген.
Кайрымдуулук борборуна шаардык бюджеттен ар жылы аз-камсыз болгон үй-бүлөлөргө деп акча каражаты каралат.
2015-жылга тамак-аш үчүн жалпы 1108,0 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.
Жогорудагы акча каражаты аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жумасына беш күн, бир күндө түшкү тамактануу үчүн каралган жана ар бир адамга 70-75 сомдун тегерегинде жумшалат. Чач тарач кааналары каралган, эс алуулары үчүн атайын бир бөлмө ажыратылып анда телевизор, жумшак эмеректер менен толукталган.
Селсаяктардын борбору боюнча- кайрымдуулук борборуна катталганы боюнча 4 адам жана келип кетүүчүлөр 3 адам жалпы 7 адам селсаяктар борборунда болушат. Түнөк үйү жок адамдар үчүн кайрымдуулук борбор ишканасынан бир маал ысык тамак берилет. Смета боюнча бир адамга 40-45 сом каралган.
№16 орто мектеп, «Ак Бермет» балдар үйү жана бала бакчалар боюнча
Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу 23 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар, быйылкы жылы толук кандуу иш алып барып, анда 4322 бала тарбияланууда.
Ошондой эле , 3 менчик балдар бакчасы бар. Ал эми бакчалардын ичинен №5-«Чолпон» бала бакчасында өпкө сезгенген оору балдар тарбияланууда. №17-«Каакым» бала бакчасында болсо ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын тайпа ачылып, иштөөдө.
Мектепке чейинки билим берүүчү мекемелеринде балдарга сапаттуу тамак-ашын уюштуруу боюнча бир топ иштер аткарылган.
2015-жылга балдардын тамактануусуна жергиликтүү бюджеттен 16,0 млн сом акча каражаты каралган.
Ата-энелер төлөмүнөн ар кандай турмуштук шарттарга байланыштуу 21 бала 100% га, 389 бала 50% пайызга жеңилдиктер берилүү менен бошотулган. Тамак-аш үчүн ата-энелердин төлөмү шаардык үчүн 800 сом, сырттан келгендерге 1200 сомдон төлөнөт.
Сапаттуу тамак-аш, азык-түлүктөрдү мектепке чейинки уюмдарга борборлоштурулган эсепкана аркылуу ишке ашып келет. Бул үчүн ай сайын керектелүүчү тамак-аш азыктарына тендер өткөрүлүп , тендердик иш атайын комиссия мүчөлөрү аркылуу ишке ашат. Комиссиянын курамында шаардык билим берүүнүн өкүлдөрү, мектеп директорлору, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору, эсепкана кызматкерлери катышуусунда өткөрүлөт. Тендер утуп алган ишкана балдар бакчаларын керек болгон азык-түлүктөр менен камсыз кылат. Ал тендерге катышуучу ишканалардын өз товарларын сапаттуулугун тастыктаган сертификаттары, салык инспекциясынын тактамасы жана башка керектүү иш кагаздары каралат.
Бала-бакчаларга алынып берилген азык-түлүктөр тиешелүү документтери, шайкештик сертификаттары менен алынат, бирок эт маселеси боюнча мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардын директорлору кандай эт алып келип жаткандыгы жөнүндө сертификаттарын катуу талап кылышпайт, шаардык билим берүү мекемеси эттин сертификаттарын өздөрүндө сактап бир да бала бакчага көчүрмөсүн толугу менен жеткиришпейт.
Шоколад, карамель, печенье жана башка азык- түлүктөрү эң жогорку сапатта бала-бакчаларына жеткирилет. Балдарга берилген күнүмдүк тамак-аштын тизмеси кечкисин түзүлөт, бир да бала-бакчаларында алдын-ала балдардын кандай тамактануусу жөнүндө аштизме түзүлгөнүн кезиктирген жокпуз, тизмени текшере келсең жеген тамагы башка, тизмеде башка тамак жазылып турат. Мындай туура эмес көрүнүштүн алдын алуу үчүн, ар бир мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга бир апталык тизме түзүп жетекчинин колу, мөөрү менен бекитүүнү милдеттендирүү керек.
Бала-бакчаларынын жатаканаларында орун жетишсиз болуп бир орунга 2 ден бала жаткырылат.
Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдарды медициналык жактан тейлөө боюнча 0,5 ставка менен медициналык кызматкерлер иштешет. Бирок буга карабай балдардын арасында көп кездешүүчү жугуштуу курт оорусу боюнча бир да текшерүүдөн өткөндүгү жөнүндө балдардын тактамасы жок.
Мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин айрым жетишпестиктери боюнча ата-энелер бала бакчалардын шарттарынын жакшырышына, материалдык базасынын толукталышына түздөн-түз катышып өз салымдарын кошушат. Жалпы ата-энелер фондусунан бакчанын идиш аяктары, сүлгүлөрү, стулдары жаңыланып турат.
Кээ бир бала бакчалардын дааратканаларында атайын эң кичине тайпалар үчүн унитаз коюлбаган, балдар уктоочу бөлмө, тамактануучу бөлмөлөрүндө, идиш-аяк жуучу жерлеринде гигиеналык, санитардык тазалыкты толук кармабаган учурлар кездешет.
Бала-бакчаларында эң көйгөйлүү маселелер турат, алсак:
№16 «Ромашка» балдар бакчасында эң эле көйгөйлүүсү канализациясын узартуу, жылуулугу абдан начар болгондуктан от казан (котельный) куруу;
№6 «Ак кайың» балдар бакчасында орун жетишсиз, атайын кошумча бала-бакчасын курууга сметасы менен даярдалган жер;
«Ак Бермет» балдар үйүндө идиш-аяктары жетишсиз, кышка отуну аз, шейшептеринин эскилиги жеткен.
«Пригородный» кичи шаарчасында жайгашкан №16-орто мектебин текшерүү атайын балдар тамактануучу жеринде (буфет) Кытай мамлекетинен чыккан жегенге мүмкүн эмес болгон азыктар жана башка соода-сатык иши жүргүзүлөт, көйгөйлүү маселеси тамактануучу жериндеги стол-стулдарынын эскилиги жеткен. Мектептердин ичүүчү суусу үчүн шаардык кеңештен жыл сайын акча каражаты каралат, бул бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен ар бир мектепке суу өлчөгүч коюуга токтом чыккан, бирок бүгүнкү күндө токтом толугу менен аткарылбагандыгына күбө болдук, бул мектепке суу өлчөгүч коюлбаган.
Окуу процесси боюнча жакшы, мектептин жылуулугу боюнча көмүрдүн сапаты жакшы болуп класстар абдан жылуу.