Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин VI чакырылыш XXIX -сессиясы
2015-жылдын 24-декабры № 5
Жалал-Абад шаарынын тургуну, үч эм төрөгөн Г.Мамазаировага батир алып берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык мэриядан келип түшкөн 07.12.2015-жыл №8-1/2325-катты шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXIХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын 2016-жылга карата бюджетинин түзүлүшү каралып жатканда Жалал-Абад шаарынын тургуну, үч эм төрөгөн Г.Мамазаировага жашоо аянты 45 м2 кем эмес болгон шаардагы төрт жана беш кабаттуу үйлөрдөн батир алып берүү үчүн акча каражатын кароо жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине (С.Авазов) милдеттендирилсин.
2. Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасына (Б.Джусупбеков) бөлүнүп берилген акча каражатына Жалал-Абад шаарынын аймагынан бардык шарты бар 1 бөлмөлүү батир алып, акысыз түрдө шаардын тургуну, үч эм төрөгөн Г.Мамазаированын жеке менчигине өткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Ормоков |