Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин VI чакырылыш XXIX -сессиясы
2015-жылдын 24-декабры № 6
Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги батирлерди менчиктештирүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесинин 1-абзацына ылайык жана Жалал-Абад шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиясынын 15.12.2015-жылдагы отурумунун корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХIХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги (кызматтык жана муниципалдык) батирлерди менчиктештирүүгө 2020-жылдын 31-декабрына чейин мораторий жарыялансын.
2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (С.Авазов) ушул токтомдун аткарылышын жеке көзөмөлдөө жана муниципалдык менчиктеги батирлерди тескөөдө жана пайдаланууда ушул токтомду жетекчиликке алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланып, 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Ормоков |