Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин VI чакырылыш XXIX -сессиясы
2015-жылдын 24-декабры № 7
Жалал-Абад шаарынын Жашылдандыруу чарбасынын имаратын чарба жүргүзүү укугу менен пайдаланууга жөнүндө
Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 03.12.2015-жылдагы №1434-катты негизинде шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХIХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги Жашылдандыруу чарбасынын административдик имаратын чарба жүргүзүү укугу менен Жашылдандыруу чарбасына пайдаланууга өткөрүп берүү жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасына (Б.Джусупбеков) милдеттендирилсин.
2. Жалал-Абад шаардык Жашылдандыруу чарбасынын башчысына (Р.Жумабаев) чарба жүргүзүү укугу менен пайдаланууга берилген мүлктүн сакталуусун өз жоопкерчилигине алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Ормоков |