Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин VI чакырылыш XXIX-сессиясы
2015-жылдын 24-декабры № 8
Жалал-Абад шаарынын №4 орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө
Жалал-Абад шаардык мэриядан келип түшкөн 10.11.2015-жыл №3-3/2148 катты шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXIХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарында географиялык аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү жобосуна ылайык Жалал-Абад шаарынын №4-орто мектебине Святкина Клавдия Федоровнанын ысымы ыйгарылсын.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине макулдашууга жөнөтүү жагы Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына (Ы.Калчаев) милдеттендирилсин
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сатарова) жүктөлсүн.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Ормоков |