КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы
2015-жылдын 21-ноябры № 21-1
Кеңеш айыл аймагындагы айылдардагы инвестиция тартуу жолу аркылуу жана колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен өнөр жай ишканаларын куруу боюнча аткарылып жаткан иштердин абалы тууралуу
Кеңеш айыл аймагындагы айылдардагы инвестиция тартуу жолу аркылуу жана колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен өнөр жай ишканаларын куруу боюнча аткарылып жаткан иштердин абалы тууралуу Айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагындагы айылдардагы инвестиция тартуу жолу аркылуу жана колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен өнөр жай ишканаларын куруу боюнча аткарылып жаткан иштердин абалы канаттандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Бюджетти толуктоого салым кошо турган өнөр жайын өнүктүрүү боюнча долбоорлорго көбүрөөк көңүл буруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Иштетилбей калган сметада каралган акча каражатын айыл башчылар менен биргеликте карап, бүткөрүлө турган зарыл иштерге жылдыруу жагын карап чыгуу ФЭБнүн башчысы А.Мадраимовко жүктөлсүн.
4. Кошумча түшкөн каражатты бөлүштүрүүдө Арбын, Ж.Нышанов орто мектептерине жана балдар бакчаларына көмүркана салууну мүмкүнчүлүккө карай чечүү жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
5. Адырдагы кайрак жерлердеги элдердин үлүштөрүн 2016-жылдын 01.01. чейин тактап, картага түшүрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Ташбаев
|