Редакцияот 21.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы

 

2015-жылдын 21-ноябры № 21-3

Шаңкол айылынын тургуну Калдаров Шараптын арызы тууралуу

Кеңеш айыл аймагына караштуу Шаңкол айылынын тургуну Калдаров Шараптын жеке менчикке сатып алган эски колхоздон калган КПОТтун  банясынын жер участогунун категориясын өзгөртүп берүү тууралуу жазган арызын угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл аймагына караштуу Шаңкол айылынын тургуну Калдаров Шараптын арызы канаттандырылсын.

2. Калдаров Шараптын сатып алып, жеке менчикке өткөрүп алган эски колхоздон калган КПОТтун банясынын жер участогунун категориясын тамарка категориясына өзгөртүүгө уруксат берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кеңеш айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

М.Ташбаев