Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы
2015-жылдын 15-апрели № 7
“Жер үй” алтын кени жөнүндөгү маселени талкуулоо
Кара Суу айылынын жалпы элдик жыйынынын чечиминин негизинде Эл депутаттарынын Кара Суу айыл аймактык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жер үй” алтын кенинин иштешине Кара Суу айылынын эли каршы экендиги белгиленсин.
2. Кара Суу айылынын тургундарынын “Жер үй” алтын кени жөнүндөгү каршы пикирлери “Жер үй” алтын иштетүү комиссиясынын курамына билдирүү жагы сунушталсын.
3. Кара Суу айыл элинин “Жер үй” алтын кени жөнүндөгү каршы пикирлери Талас райондук мамлекеттик администрациясына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кара Суу айылдык аймагынын башчысы Ч.Сулаймановго милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Курманалиева |