Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
2015-жылдын 15-апрели № 8
Кара Суу айылдык аймагынын киреше бөлүгүнүн “Кол тийгис акча каражаттарын”камдоону (НЗ) уюштуруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өз убагында аткаруу иштерин уюштуруу жана башка тез арада аткарылуучу зарыл иштер үчүн Кара Суу айылдык аймагында 120 000 (жүз жыйырма миң) сом “Кол тийгис акча каражат” запастары түзүлсүн.
2. Акча каражат запастары жергиликтүү бюджеттин эсебинен түзүлсүн, тиешелүү банк мекемелерине сакталсын.
3. “Кол тийгис акча каражат”запастарын түзүп, башка котору жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Ш.Асбердиевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын Кара Суу айылдык аймагынын башчысы Ч.Сулаймановго жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Курманалиева |