КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы
2015-жылдын 23-майы № 13
Кара Суу айылдык аймагынын 2015-жылга жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө
Эл депутаттарынын Кара Суу айылдык аймактык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2014-жылдагы иштеген иши канаттандырарлык деп табылсын.
2. Кара Суу айылдык аймагынын 2015-жылга жайыт комитетинин бюджети төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
2015-жылга 200 000 сом
Айлык акы 42 000 сом
Жер салыгы 10 000 сом
Соц.фонд 17,25% 7 300 сом
Сатуудан түшкөн салык 6 000 сом
Бензин (гсм) 22 000 сом
(комондировчный)
Ар кандай чыгым 15 000 сом
Малчылардын тойуна 20 000 сом.
Баардыгы: 122 300 сом.
Калган сумма жайыт комитетинин чечиминин негизинде керектүү жумуштарга жумшалсын.
3. а) Жайыт акылары боюнча 2015-жылы элдик чогулушта чечилген баалар боюнча айыл элинин мал акысы калтырылсын.
б) сырттан келген мал үчүн алыскы,ортоңку жана жайыттарга карабастан мал канча ай же канча күн жайылганына карабастан кой, эчкиге 40 сом, бодо малга 200 сом. Бул сумма жайытка чыккандан кийин бир ай ичинде төлөнсүн.
4. Малчылардын малын саноо 20-июнь айына белгиленсин. Мал санак боюнча төмөндөгүдөй тутумда комиссия түзүлсүн.
а) Баратов Улан, Кененсариев Нуржан, Турдугулов Рамис, Борбашов Сүймөнкул, Найзабеков Алымбек, Осмонбеков Манас, Береналиев Рустам.
б) Сулайманов Чынгыз, Үметалиев Тимурлан, Кабылов Рысбек, Мандиев Шумкар, Орозбаков Улан, Борбашов Талас, Турдалиев Өскөнбек.
5. Малчылардан мал үчүн акылар 2014-жыл үчүн, 2015-жылдын июль айларында толугу менен чогултулсун. 2015-жыл үчүн 1-сентябрда толугу менен чогултулсун. Жайыт акылар убагында төлөнбөгөн малчылардын мал акыларынын суммасына 10% кошулсун.
6. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жайыт комитетинин төрагасы У.Баратовго милдеттендирилсин
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Курманалиева |