Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы
2015-жылдын 5-июну № 15
А.Карыпкулов атындагы орто мектебинин 2014-2015-жылда камсыздоо фонддуна чогулган акча каражаттары боюнча
Эл депутаттарынын Кара Суу айылдык аймактык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-2015 окуу жылында А.Карыпкулов атындагы орто мектебинини ата-энелерден мектептин камсыздоо фондуна чогулган акча каражаттары боюнча мектеп директору Г.Осмонбекованын отчету канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. А.Карыпкулов атындагы орто мектебинини ата-энелерине камсыздоо фонду үчүн чогулган каражат боюнча 2015-жылдын октябрь айынан кечиктирилбестен отчет берилсин.
3. Фонд үчүн чогулган акча каражаттардын кемчиликтерин тактоо 2015-жылдын ноябрь айына чейин жүргүзүлсүн.
4. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кара Суу айылдык аймактык кеңешинин муниципалдык менчик экономикалык өнүктүрүүнүн пландары бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө комитетине жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Курманалиева |