Редакцияот 18.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы

 

2015-жылдын 18-ноябры № 19

Айыл кеңешинин сессияларында иш кагаздардын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө

 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кара Суу айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү” Жарлыгын аткарууда айылдык аймактык кеңешинин иш кагаздарын мамлекеттик тилде (кыргыз тилинде) жүргүзүүнү карап чыгып, Кара Суу аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара Суу айылдык аймагында жашаган айылдагы жарандардын дээрлик бардыгы кыргыз тургундар болгондуктан Кара Суу айылдык аймактык Кеңешинин иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.

2. Токтомду аткаруу жагы Кара Суу айылдык аймактык кеңешинин жооптуу катчысына А.Жунушалиевага жүктөлсүн.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Курманалиева