Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели № 13/1
Сары-Булак айылдык кеңешинин жашоочуларына таандык алыскы жана жакынкы жайыттарды пайдалануунун абалы жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин иштетүү жана пайдалануу боюнча айыл өкмөттүн жүргүзүп жаткан абалы жөнүндө
Депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңешинин кезектеги (V шайланган) №13-сессиясынын жыйналышы күн тартибиндеги таандык алыскы жана жакынкы жайыттарды пайдалануунун абалы жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин иштетүү жана пайдалануу жөнүндөгү биринчи маселени угуп жана талкуулап Депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңешинин кезектеги (V шайланган) №13-сессиясынын жыйналышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айылдык Кеңешинин жашоочуларына тааныдык алыскы жана жакынкы жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында айыл айылдарда элдик жыйындарды өткөрүүнүн графиги түзүлүп, элдик жыйындар өткөрүлсүн жана жашоочулардын субай калган кара малдарына, жылкыга, жандыктарына алыскы жайыттардан пайдалануу үчүн падалар уюшулсун.
2. Жашоочуларга алыскы жайыттарды пайдалануу боюнча түшүндүрүү жана уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл айылдардын айыл башчыларна жана айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине ижара төлөө акысынын көлөмү 1,5 эсеге көбөйтүлсүн.
4. Жакынкы алыскы жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин иштетүү боюнча Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иш аракеттери болуп жаткандыгы белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын такай көзөмөлгө алып көмөк көрсөтүү жагы Депутаттардын Сары-Булак айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Кенжебаев
|