Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-апрели № 13/2б
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чөп чабык жер аянттарынын аренда салыгынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө
Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук Кеңешинин кезектеги (v шайланган) №13-сессиясынын жыйналышынын күн тартибиндеги 2 маселени угуп жана талкуулап Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук Кеңешинин кезексиз (v шайланган) № 13-сессиясынын жыйналышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында арендага берилген Чөп чабык жер аянттарынын аренда салыгынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндөгү Сары-Булак айыл өкмөтүнүн заседаниесинин сунушу жактырылсын.
2. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында Чөп чабык жер аянттарына 1 га Чөп орунду аянтына аренда салыгы 200 сом өлчөмүнө бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышынын такай көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Сары-Булак айылдык окуругдук Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Кенжебаев
|