Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-апрели № 13/2в
Сары-Булак айылдык округдук Кеңешинин аймагындагы эгин аянттарына жана чөп орунду аянттарына түшкөн малдарга айып салуу жөнүндө
Депутаттардын Сары-булак айылдык округдук Кеңешинин кезексиз (v шайланган) № 13-сессиясынын жыйналышына Сары-Булак айылдык округунун заседаниесине сунуштаган айылдык округунун аймагындагы эгин аянттарына жана Чөп орунду аянттарына корука салуу жана эгин аянттына, Чөп орундуга түшкөн малдарга айып салуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук кеңешинин кезексиз (v шайланган) № 13-сессиясынын жыйналышынын заседаниеси.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айылдык округунун 24.04.2015-жылдагы №10-заседаниесинде каралган эгин аянттарына жана Чөп орунду аянттарына корукка алуу жөнүндөгү сунушу колдоого алынсын.
2. Эгин аянттына жана Чөп орунду аянттарына түшкөн Бодо малдар үчүн биринчи ирет түшкөнүнө 100 сомдон, экинчи ирет түшкөнүнө 200 сомдон, үчүнчү ирет түшкөнүнө 500 сомдон, кой-эчкиге биринчи ирет түкөнүнө 50 сом, экинчи ирет түшкөнүнө 100 сом, үчүнчү ирет түшкөнүнө 150 сом айып төлөө жагы мал ээлерине салынсын.
3. Үч күнгө чейин камалган мал өлүп калса күбөлөрдүн актысынын негизинде корукчу төлөбөйт, үч күнгө чейин мал ээлерине корукчу аркылуу кабарлоо жагы белгиленсин.
4. Коңшулаш райондордон Чөп орундуга түшкөн Бодо малдарга 500 сом, жанадыктарга 50 сомдон айып салынсын, Келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети айыл башчыларга жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айылдык округунун башчысынын орун басары Л. Конуратовго жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
Сары-булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Кенжебаев
|